Индияда Мумбай жардыруусун ким уюштурганы аныктала элек

Индиянын ички иштер министри билдиргендей, кечээки үч катар жардыруунун артында ким турганы тууралуу тергөөчүлөр бир пикирге келише элек. Бийликтер "алдын-ала уюштурулган террордук кол салуу" деп мүнөздөгөн чабуулда 17 киши каза таап, 131и жараат алды.