"Булгария" кемесинен 97 киши өлгөнү тастыкталды

10-июлда Волга дайрасына чөгүп кеткен "Булгария" кемесинин ичиндегилерден 97 киши өлгөнү тастыкталды, 32 киши дагы эле дайынсыз болууда.

Суучулдар кеменин астыңкы бөлүгүн иликтөөнү улантышууда. Кырсык болгон жерге "Курск" атомдук кемесин алып чыгууга катышкан суучулдар да келишти. Техникалык эрежелерди бузду деп саналгандар камакка алынгандыгы жана чөгүп бараткан кемеге жардам бербей өтүп кеткен эки кеменин капитандарына каршы кылмыш иши козголгондугу кабарланды.