Социнтердин баш катчысы Хаас кыргыз аялдардын социалдык абалына кызыгат

Бүгүн президент Роза Отунбаева Социалисттик интернационалдын баш катчысы Марлен Хаасты кабыл алды. Жолугушууда Хаас айым эл аралык бейөкмөт уюмунун ишмердиги тууралуу айтып берип, Социалисттик интернационал Стокгольм принциптери декларациясына таянарын билдирди. Ага ылайык негизги саясий баалуулуктар катары азаттык, адилеттүүлүк жана тилектештик саналат. Социалисттик интернационалдын баш катчысы Хаас Кыргызстандагы аялдардын социалдык абалына да кызыкты. Тараптар ошондой эле кыргыз аялдарынын коомдук-саясий турмушка аралашуусун талкуулашты.

Президент Роза Отунбаева Кыргызстан Борбор Азиядагы парламенттик башкаруудагы биринчи өлкө болуп жаткандыгын баса белгилеп, мурунку тоталитардык системага кайра кайтпоо канчалык маанилүү экендигине токтолду. Өлкө башчысы Кыргызстанда 100дөн ашык партия бар экендигин маалымдап, алардын бешөө парламенттен орун тапканын белгилеп өттү.

Бул жолугушууга ЖК төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева жана президенттик Аппараттан Мира Карыбаева катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. (EK)