Түркмөн президенти министрди жазалады

Түркмөнстан лидери Гурбангулы Бердымухаммедов коргоо министринин кызматтык чинин кичирейтти. Ашгабаддан 20 чакырым алыс жердеги Абадан шаарында өткөн бейшембиде пиротехникалар жарылып, анда 15 киши мерт болгондугу мурда кабарланган. Чет жердеги оппозиция өкүлдөрү бул кырсыкта 200дөй киши өлгөнүн айтышууда.