Бекназаров кызматынан бошотулду

Азимбек Бекназаров мамлекет башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Азимбек Бекназаров өзүнүн арызына ылайык кызматынан алынган.

Азимбек Бекназаров - БЭК партиясынын лидери. Ал 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптардын жигердүү катышуучусу болгон. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин ал убактылуу өкмөттүн сот жана прокуратура органдарын тескеген өкүлү болуп иштеген.(ZKo)