Бүгүн - калкты жайгаштыруунун дүйнөлүк күнү

Ага байланыштуу бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинде БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун жана Улуттук статистика комитетин өкүлдөрү маалымат беришет. Бүгүндөн тарта ошондой эле бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө 7-миллиард” аттуу иш-чара башталмакчы. 1989-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 11-июлду Бүткүл дүйнөлүк калкты жайгаштыруу күнү катар белгилөө чечими кабыл алынган. 1999-жылы дүйнөдө алты миллиардынчы адам төрөлсө, быйыл 7-миллиард адам төрөлөрү күтүлүүдө.