Ооганстанда жоголгон 26 сапер тууралуу кайчылаш кабарлар түшүп жатат

“France Presse” агенттиги ооган коопсуздук күчтөрүнө шилтеме менен жоголгондордун жетөөнүн денеси табылганын, алар мууздалып, башы жок табылганын кабарлады. Ал арада “Рейтер” маалымат агенттигине сүйлөгөн Фарах вилоятынын полициясынын расмий өкүлү алты адамдын денеси табылганын, бирок алар мууздалбаганын билдирген. Саперлорду ушул аптанын шаршемби күнү Фарахта белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бул аймакта талиптер активдүү деп эсептелинет, бирок алар буга тийиштиги жоктугун билдиришүүдө.