“Ар-намыстан” президенттик шайлоого Анарбек Калматов катышат

Бүгүн “Ар-намыс” партиясынын курултайы өттү. Анда президенттикке депутаттар Акылбек Жапаров менен Анарбек Калматовдун талапкерлиги сунушталды. Жыйынтыгында Анарбек Калматов 96 добуш менен озуп чыгып, президенттик шайлоого партиядан бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлдү. (AzK)