Сотторду тандоо кеңешине үч адам бекиген жок

Жогорку Кеңеште Сотторду тандоо кеңешине көрсөтүлгөн 24 талапкерге добуш берилип, анын жыйынтыгы менен үч адам бул кеңешке кирген жок.

"Ар-Намыс" фракциясынан көрсөтүлгөн Рано Иминова, Жээнбек Мукамбетов жана “Ата Журт” фракциясынын талапкери Нышанбек Кочкоров депутаттардын жетиштүү добушун топтой алышкан жок. Азыр жогорудагы фракциялар башка талапкерлерин сунушташып, алар кайрадан добушка коюлмакчы. (KKs)