Коогада жабыр тарткан 1500дөй ишкерге жардам көрсөтүлдү

Акыркы бир айда Ош жана Жалал-Абаддагы 1557 ишкерге 50 миң сомдук кайтарымсыз жардам берилди. Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынан “Азаттыкка” кабарлашты. Бул жардамдын көлөмү 77 млн. 850 миң сомду түздү. Эми алдыдагы аптада дагы эки жүздөй ишкерге жардам берүү пландалууда. (KKs)