Жалал-Абад мэри кызматынан алынды

Жалал-Абад шаар мэри Максатбек Жээнбеков кызматынан алынды. Мындай буйрукту премьер министр Алмаз Атамбаев башкы прокуратуранын тыянагына таянып чыгарган. Башкы прокуратура Жээнбеков Орусиянын жараны экендигин далилдеген документти көрсөткөн. Кыргызстандын мыйзамдары башка өлкөнүн жаранынын мамлекеттик кызматтарда иштешине тыюу салат.