Amnesty International Сирияны соттоого чакырды

Дүйнөдө адам укуктарын коргоо боюнча иштеген “Эл аралык мунапыс” уюму бүгүнкү билдирүүсүндө “Сириянын күчтөрү адамзатка каршы кылмышы үчүн соттолушу керектигин” билдирди.

Аталган фонд Бириккен Улуттар уюмун ишти Эл аралык кылмыш сотуна тапшырууга үндөдү. Буга чейин Франциянын тышкы иштер министрлиги да Сириядагы абалга Улуттар уюмун аралашууга чакырып, “дүйнө мындай мыкаачы аскерий репрессияга кайдыгер карап тура албайт” деген эле.