Жаштар - "кыска метраждуу тасмалар өлкөсүндө"

"Кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" тобу коомчулукка жаңы тасмаларды көрсөтүүгө камданууда. Бул иш-чара 7-июлда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтүп, анда жаш режиссерлор Айгүл Баканова "Жаан ыры", Асел Стамова "Жылдызым" жана Төлгөбек Койчуманов "Кесилишпеген жолдор" аттуу алгачкы чыгармаларын көрүүчүлөрдүн сынына коюшат.