Британия Ооганстанга гуманитардык жардам берет

Британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон Ооганстанга көлөмдүү гуманитардык жардам убада кылды жана кызматташтык уланаарын белгиледи. "Биз быйыл жана эмки жылы айрым аскерий күчтөрүбүздү чыгарып кетебиз жана 2014-жылдын акырына чейин аскерий операцияларды аяктайбыз. Бирок узак мөөнөттүү мамилелерибиз уланат" деди Камерон Ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушууда. Ошондой эле Британ өкмөт башчысы Ооган аскерлерин окутуу үчүн негизги аскерий окуу жайын куруп берүүнү убада кылды. Кийинчерээк Ооганстандагы НАТО аскер күчтөрүнүн командачылык кызматынан кетип жаткан Давид Петреус аскерлер аскерий аракеттер Ооганстандын түштүк провинцияларынан Пакистандын чегарасына жакын, талибдердин базасы жайгашкан чыгышты көздөй көчүрүлүшү мүмкүн деп билдирген. АКШ 33 миң аскерин Ооганстандан 2012-жылдын сентябрына чейин чыгарууну көздөөдө.