Сириянын Хама шаарында 250 адам камалды

Сириялык аскерлер Хама шаарында ондогон адамдарды камакка алганы маалымдалды. Жергиликтүү элдин айтышынча, 4-июлда таң эртелеп 30 автобус менен келген аскерлер үйлөрдү тинтип, ишенимсиз деген адамдарды камакка алып, кээ учурда ок да аткан.

Сириянын ортолугундагы 65 миң калктуу шаарда өткөн жумада президент Башар Ассаддын бийлигине каршы чоң демонстрация болгон эле. Сириянын адам укугун көзөмөлдөө уюмунун төрагасы Рамид Абделрахмандын Ройтерс агенттигине билдиришинче, Хамада 250 адам камакка алынган.