Кыргыз депутаттары Азербайжандагы дүйнөлүк курултайга катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган депутаттар жана ишкерлерден турган делегация Азербайжанга барат. Кыргызстандан барган делегация 4-5-июлда азерлердин дүйнөлүк курултайына катышып, сөз сүйлөшөт. Сапар маалында Азербайжан президенти Илхам Алиев, бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуу белгиленген. (КЕ)