Беларус эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө

Беларус президенти Александр Лукашенка уулу менен парад маалында. 03.7.11.

Беларуста бүгүн (3-июлда) жумурияттын көз карандысыздык күнү белгиленүүдө. Минскинин борбордук аянтында аскерий парад өттү.

Анын алдында беларус чегарачылары өлкө парламентинин мурдагы спикери Станислав Шушкевичти Литва менен чегарада кармап, кийин койо беришти. Шушкевич Вилнюста өткөн "Демократиялар шериктештиги" уюмунун жыйынына катышып келаткан. Айрым байкоочулар анын кармалышын оппозициянын бүгүнкүгө пландалган нааразылык чыгуулары менен байланыштырышат. Оппозициянын нааразылык чаралары өткөн декабрда болгон президенттик шайлоодон кийин маал-маалы менен уюштурулуп келатат.

Буга чейин Беларус эгемендүүлүгүн 27-июлда белгилеп келген.

1990-жылы ал күнү өлкө СССРден көз карандысыздыгын жарыялаган болчу. Бирок 1996-жылы президент Александр Лукашенканын карама-каршылыктуу чечими менен эгемендүүлүк күнү 3-июлга которулган.
1944-жылы 3-июлда Минск германдык нацисттерден бошотулган.