Казак ишканасы жумушчуларды кайра алуудан баш тартты

Жергиликтүү соттун өкүмүнө карабастан, Казакстандын түштүгүндөгү шекер чыгаруучу фабрика ишке алуудан баш тарткан 15 жумушчу кайра сотко кайрыла тургандыгын билдиришти.

Кара-Булак айылындагы ишканадан алар 2009-жылы жумуш орундары кыскарды деген негизде бошотулган. Бирок сотто жумшчулар иш шартынын начардыгына даттангандан кийин көчөдө калышканын айтышты. Сот ишкананы жумушчуларды кайра ишке алып, компенсация төлөп берүүгө өкүм кылган.