Муну тастыктаган токтом Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Президенттик шайлоонун 30-октябрда өтүшүн колдоп 107 депутат добуш берди. Конституцияга ылайык келерки президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү аяктаарга эки ай жана президенттик шайлоо мөөнөтүнө төрт ай калган күнү дайындалышы керек. Буга чейин мыйзамга таянган саясий чөйрөнүн бир тобу шайлоо октябрда өтүшү керек десе, бир тобу 20-ноябрда өтүшү керек деп келишкен. (KKs)