ЖК президент көрсөткөн ар бир талапкерге өзүнчө добуш берет

Депутат Чыныбай Турсунбековдун президент БШКга көрсөткөн 4 талапкерге бир добуш берип салуу сунушун Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков четке какты.

Жогорку Кеңеш өз атынан БШКга көрсөтүлгөн 8 талапкер боюнча жалпы добуш берүү тууралуу чечим кабыл алган. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына президенттин көрсөтмөсү менен кире турган талапкерлердин ысымы шайлоо бюллетендерине өзүнчө киргизилди. (EK)