Украинада Тимошенконун соту башталды

Мурдагы өкмөт башчысы 2009-жылы Орусиядан газды өтө жогору баада алууну караган келишимге кол койгондугу үчүн кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Тимошенко бул айыптоону четке кагып, сот ишин саясий куугунтуктоо деп баалады:

- Бул сот эмес, бул президенттик администрациянын бөлүмү, силер саясий буйрукту аткарып жатасынар! - деди Тимошенко сотторго сөөмөй кезеп.

2004-жылдагы кызгылтым революциянын жол башчыларынын бири болгон экс-премьер былтыркы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Виктор Януковичтен утулуп калган.