Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын билдиришинче, бүгүнкү күндө июнь коогасында жабыркаган ишкерлерге 44 миллиондой сом акчалай кайтарымсыз жардам берилди. Бардыгы болуп жардам сурап 1786 ишкер кайрылган. Алардын 900гө жакынынын арызы канааттандырылды.
Ушул аптада калган ишкерлердин арызы иликтенмекчи. Аталган дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин билдиришинче, көпчүлүк ишкерлерде тийиштүү документтер болгон эмес. (EBM)
Ушул аптада калган ишкерлердин арызы иликтенмекчи. Аталган дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин билдиришинче, көпчүлүк ишкерлерде тийиштүү документтер болгон эмес. (EBM)