Астанада ИКУ тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт

Жыйынга Кыргызстандан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да катышмакчы. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Астанадагы кеңешмеде Ислам конференциясы уюмуна мүчө өлкөлөр ортосунда айыл-чарба, транспорттук каттам, соода, билим берүү жана маданият, саламаттыкты сактоо, туризм жаатындагы кызматташтык боюнча долбоорлор талкууланат. Ислам конференциясы уюмуна азыр 57 өлкө кирет. Казакстан - уюмдун быйылкы төрагасы.