Алайда күйдүргү илдетине бир адам шектелүүдө

Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу ооруулар борборунун адиси Кубаныч Бектурдиев билдирди. Анын айтымында, ушуну менен жыл башынан бери күйдүргү менен 7 учур катталып, анын экөө Ош, төртөө Жалал-Абад облусуна туура келүүдө. Былтыр бардыгы болуп күйдүргүгө чалдыккандар саны 26ге жеткен.

Бектурдиев карантин жана өзгөчө кооптуу ооруулар борбору күйдүргү катталган аймакта малдар эмделип, тийиштүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. (EK)