БУУ ооган парламентин кризисти тереңдетпөөгө чакырды

Ооган парламентинин дарегине карата мындай чакырык президент Хамид Карзай түзгөн атайын Трибуналдын өткөн аптадагы чечиминен кийин жасалды. Былтыр сентябрда болгон шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтеген трибунал парламентттин алтымыш эки депутаты мандатын өткөрүп бериши керек деп тапкан. Жогорудагы чечимди кыжырдануу менен кабыл алган ооган депутаттары жардам сурап, БУУнун Ооганстандагы өкүлүнө кат жолдошкон жана трибуналды “мыйзамсыз” деп аташкан. Трибуналдын тыянактарын Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы да четке каккан. БУУнун Кабулдагы өкүлү Стефан де Мистуранын айтымында, талаштуу шайлоого байланышкан пикир келишпестиктер Ооганстандын Конституциясына ылайык чечилүүсү керек.