Палестин бийлиги эл аралык коомчулуктун таанышын көздөөдө

Жекшемби күнү автономиянын жетекчилиги көз карандысыз палестин мамлекетин эл аралык коомчулук таануусуна жетишүүнү караган планды расмий бекитти. Палестиндер буга БУУнун сентябрда өтүүчү Башкы ассамблеясында жетишүүнү көздөөдө. Байкоочулардын пикиринде, эгер БУУга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү палестиндердин өтүнүчүн колдосо, бул алардын ири саясий жеңиши болот. Бирок БУУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселесин Коопсуздук кеңеши чечет. Анын туруктуу мүчөлөрүнүн бири АКШ Палестин Израиль менен проблемаларын жөнгө салмайынча анын көз карандысыздыгы таанылышына каршы экендигин билдирген.