ЖК “5-каналды” улутташтыруу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн Жогорку Кеңеште “5-каналды” улутташтырып, мамлекеттик парламенттик каналга айлантуу тууралуу мыйзам долбоору жактырылды. Мыйзамдын демилгечиси - Социал-демократттар факциясынан депутат Исмаил Исаков.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров “5-канал” алкагында Байкоочу кеңешин түптөө тууралуу жоболор киргизүү сунушун берди. Кеңешке талапкерлерди президент жана парламенттеги фракциялар көрсөтүүсү сунушталып жатат. (EK)