Ооганстан апийим өндүрүүдөн дүйнөдө биринчи

Апийимге жуккан илдетке байланыштуу өткөн 2010-жылы Ооганстанда апийим өндүрүү эки эсеге жакын кыскарган. Ага карабай, былтыр Ооганстанда 3600 тонна апийим өндүрүлгөн. Бул дүйнөлүк апийим өндүрүшүнүн 74 пайызын түзөт.

Бириккен Улуттар уюмунун Маң аткезчилиги менен күрөшүү агенттиги жаңы жарыялаган докладга караганда, өкмөттүн чабалдыгына, жемсөөлүккө, уюшкан кылмыштуулукка, альтернативдүү өндүрүштүн жоктугуна байланыштуу быйыл Ооганстанда кайрадан апийимден рекорддук түшүм жыйналат. Экинчи орундагы Мянмарда былтыр дүйнөлүк апийимдин 12 пайызы өндүрүлгөн.