Отунбаеванын шайлоо мөөнөтү тууралуу туруму ачыкталды

Президенттин басма сөз кызматы бүгүн өлкө башчысы Роза Отунбаеванын шайлоо мөөнөтү боюнча туруму тууралуу билдирүү таратты. Анда “президент тарабынан күзүндө өтө турган президенттик шайлоо маселесинде эч кандай интрига болгон эмес. Өлкө башчысы шайлоо өз убагында, демократиялык эрежелердин негизинде өтүшүнө кызыкдар экенин буга чейин бир нече ирээт белгилеп келген. Депутат Өмүрбек Текебаевдин 23-июндагы Жогорку Кеңеш жыйынында “президент "Шайлоо тууралуу" мыйзамды 2 ай кармап, анын кабыл алынышын создуктурду” дегени чындыкка туура келбейт жана бул коомчулукта туура эмес пикерлерди жаратууда" деп айтылат.

Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысы "Шайлоо тууралуу" мыйзамда карама-каршылыктар көп болгондуктан ага вето коюп, кайра кайтарганын белгилеп, бул жараяндын мөөнөтү да мыйзам чегиндеги эрежелер боюнча жүргүзүлгөнүн маалымдалды.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент БШКнын эски курамы менен шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болуп, "мыйзамга апрель айында кол койгон эмес" деп билдирген. (EK)