Өзбекстанда "Хизб-ут Тахрирдин" 8 мүчөсү соттолду

Өзбекстанда тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний уюмуна мүчө деп табылган сегиз киши соттолду. Алардын лидерлери саналган Бахтияр Махамедов менен Наматилла Сахибов 7 жылдан, калганы 6 жылдан жаза алышты. Эл аралык укук коргоочулар террордук коркунучтун шылтоосу менен оппозицияны ооздуктап жатат деп, президент Ислам Каримовду айыпташты.