Сотторго нааразылык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

23-июнда ЖК имараты алдында Кыргызстандын ар аймагынан келген 50 чакты адам сот органдарынын акыйкатсыз делген чечимдерине нааразылык билдирип чыкты. Алар депутаттарга кайрылып, Сот тандоочу кеңештин курамын Жогорку Кеңеш жайкы тыныгууга кеткиче бекитип берүү, мыйзам бузуу менен чыгарылылган соттордун жаңы мөөнөткө шайланышына жол бербөө, адилет сотторду шайлоо талаптарын койду.(MiT/KR)