Обама АКШ Ооганстандагы 33 миң аскерин чыгараарын жарыялады

Президент Барак Обама ушул жылдыны этегине чейин АКШ Ооганстандан 10 миң аскерин, 2012-жылдын жайына чейин дагы 23 миң аскерди чыгарарын жарыялады. Ооган жергесинде учурда АКШнын 100 миң аскерден турган контингенти кызмат өтөөдө. Коалицияга кирген башка өлкөлөрдөн Ооганстанда 30 миң жоокер жайгашкан.

Бишкек убактысы боюнча бейшембинин таңында Вашингтондогу Ак Үйдө сүйлөгөн сөзүндө Обама АКШ Ооганстандагы калган аскерлер бара-бара чыгараарын белгиледи.

- Алдыда чоң маселелерди чечүүгө туура келет. Бул - согушту аяктоо аракеттеринин соңу эмес, башаты гана. Аскерлерди чыгаруу, коопсуздукту камсыздоо вазийпасын Ооган өкмөтүнө өткөрүп берүү учурунда жетишкендиктерибизди сактап калуу үчүн бар аракетибизди жумшайбыз.

Май айында Усама бин Ладенди кармоо операциясы маалында колго түшүрүлгөн маалыматтар "ал-Кайида" кыйынтчылыктарга туш болуп атканын көрсөтүүдө, - деди президент. Обама Ооганстандагы урушту саясий жол менен жөнгө салуу үчүн "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүүлөрдө прогресс болооруна ишенээрин кошумчалады. Анын айтымында, Вашингтон Ооганстандагы улуттук жарашуу демилгелерине активдүү катышат.