Ооганстанда козголоңчулар алты полисменди өлтүрүштү

Өлкөнүн чалгын кызматынын Газни вилаетиндеги башчысы Амир Шахтын айтымында, куралдуу козголоңчулар бүгүн бул жердеги текшерүү пунктуна чабуул коюшкан. Атышуулар азыр да уланып жатат.