Орусиядагы авиакырсыктын себеби такталууда

Орусиянын түндүк батышындагы Петрозаводск шаарына конгону бараткан учак кырсыкка кабылып, 44 киши курман болду. Тирүү калган сегиз жүргүнчү, анын ичинде тогуз жана он төрт жаштагы эки бала менен алардын апасы ооруканага жаткырылды. Авиакырсыктын себеби такталууда.