Юсупова президенттин өкмөттөгү өкүлү болуп дайындалды

Президенттин өкмөттөгү өкүлү болуп дунган улутундагы Надира Юсупова дайындалганын өлкө башчысы Роза Отунбаева “Борбор Азиядагы улуттук азчылыктардын укуктары, алардын коомдук иштерге натыйжалуу катышуусу” тууралуу аймактык конференцияда билдирди.

Бишкекте бүгүн өтүп жаткан улуттук азчылыктар боюнча эл аралык конференцияга президент Роза Отунбаева, вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Конференцияда чыгып сүйлөгөн сөзүндө Отунбаева Кыргызстанда жашап жаткан 80 улуттун өкүлдөрүн саясий-коомдук турмушка натыйжалуу тартуу керектигин баса белгиледи. “Башка улуттун өкүлдөрүн да укук коргоо органдарына, армияга аралаштыруу керектигин айтып келе жатабыз. Бул багытта этникалык саясаттын концепциясын иштеп чыктык жана аны Кыргызстан элинин Ассамблеясында талкууладык. Бул чoң көлөмдүү документ Кыргызстанда азчылыктын өлкөдөгү коомдук-саясий чөйрөгө активдүү аралаштырууга өбөлгө түзөт деген ишеничтемин” , - деди өлкө башчысы. (EK)