НТС телеканалынын журналисттеринин сабалышы боюнча бүгүн президенттин басма сөз кызматы камтамачылыгын билдирди. НТС телеканалынын оператору Владимир Безбородов менен кабарчысы Чынара Сыдыкова кечээ Ош шаарында өткөн митинг учурунда ур-токмокко алынган. Дүйшөмбү күнү Ошто депутат Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери митинг уюштурган. Президенттин басма сөз кызматы бул тууралуу камтамачылыгын билдирип, тартип коргоо органдарына кайрылуу менен бул окуя боюнча дыкат тергеп-иликтөө иштерин жүргүзүүгө чакырды. “Күнөөлүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек”, -деп жазылат бүгүн таратылган билдирүүдө. (EK)