Гезиттер: Сөз фашист болгондо...

Бүгүн жарык көргөн гезиттер өлкөдөгү болуп жаткан окуялар тууралуу жазып чыгышты.
“Фабула” гезити бүгүнкү алакандай кабарларында “Ташиевди коргомокчу болгон митингчилер НТС телеканалынын оператору Владимир Безбородов, журналисттери Чынар Сыдыкова менен Айжан Исмаилованы курчоого алып, эч кандай себеби жок ур-токмокко алышкан. 30 мүнөттөй курчоодо калган НТСчилерди күч органдын сакчылары ажыратып койгонго жараган эмес. Айрым кесиптештерибиздин айтымында журналисттерди акча таратып аткандарды тартып алгандыгы үчүн сабашкан. Азыр үчөө тең ооруканада” деп,

“Президент Роза Отунбаева: “Кыргызстандын ар бир жараны кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттүү” деген пикирин жар салды” деп маалымат таратты.

Журналист Баратбай Аракеев “Жегенедер элдин алдында, жебеген жердин алдында” деген макаласында: “Бакиев куулгандын эртеси эле эл күткөн бейпил, таза коом келчүдөй сездик эле, тилекке каршы андай коом алыс окшойт, Бакиев кеткени менен анын табакташтары менен танапташтары бийликтин бардык бутактарына конду дагы, билген намазын окуй башташты. Алардын бир гана тилеги Бакиевди кайра алып келүү. Алардын бири да президенттин деңггээлине тең келбесе дагы, түптүз эле Роза Отунбаевага асылганга өтүштү. Бийликтин ашкере гумандуулугунан, элдин канын соргон Бакиев бийлигин орнотууга жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн эл алдында жооп берчүлөр бүгүн эми ошол Бакиевге каршы күрөшкөндөргө, Бакиев бийлигин кулаткандарга каршы көтөрүлүп, күн көрсөтпөй жатат” деп жазды.

Депутат Токон Мамытов ушул эле “Фабула” гезитине берген маегинде өзү башында туруп иликтеп чыкан түштүк окуясына токтолуп, укук коргоочулар менен айрым бейөкмөт уюмдарына кошуп, Дырылдаевди сынга алды. Өзү эч качан коррупцияга малынбаганын, ири ишканасы тургай комогу жогун, Жаныш Бакиев менен мамилеси жакшы болбогонун жана башкаларды кеп кылды.

“Добулбас” гезити жаңы санын журналист Үсөн Касыбековдун “Айлык акылар көтөрүлдү. Бирок анын акыбети кайтабы?” деген макаласы менен ачты. Автор айлык акыны эсептөөдөгү алешемдиктерге токтолду. Маңыроо бухгалтерлердин эсеби кайрадан нааразылыкты пайда кылып, аталган тармактын министрин оңтойсуз абалга салганын, анткен менен мурда-кийин 2 миң сом алган жаш мугалимдин айлыгы 6 миң сом болгону жөрөлгөлүү көрүнүш экендигин белгиледи. Үсөн Касыбеков андан ары ашкере оптимизмге негиз жоктугун, анткени өлкөнүн экономикалык абалы оор экенин, мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгы 22 млрд. сомго жеткенде айлык акыны эки-үч эселеп көтөрүү инфляциянын жаңы секиригине өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Аталган макаланын жанында өлкөнүн ар кайсы мектептериндеги мугалимдердин айлыктарынын кимисиники азайып, кимисиники көбөйгөнүн мугалимдер өзүлөрү айтып берген.

“Добулбас” гезитинин бүгүнкү санында булар менен бирге эле “Акүйдөн башталган чыр аянтка жетти”, “Жаман үйдү коногу бийлейт деген ушул! Деген макалалар менен катар саясатчы генерал Мирослав Ниязовдун. Депутат Равшан Жээнбековдун азыркы бийликти сынга алган интервьюлары бар.

Улуттук Коопсуздук тармагын жакшы билген генерал Ниязов Улуттук Коопсуздук кызматы 96-жылга чейин катуу иштеп, бардык министрликтердин кылыктарын ашкерелеп, эл мүлкүнө кол салгандарды тизгиндеген күчкө айланып келгенин, анан Акаевдин кланы чекисттик кызматтын чакчелекейин чыгарганын, бул кызматтагы профессионалдарды айдап, алардын ордуна мугалимдер менен окумуштууларды, бажычылар менен милийсаларды алып келе берип, биротоло талкалаганын, азыркы кезде милийсалардын өздөрү “СНБ деген РОВДнун 5- отделениясы” деп ылакап ат менен жашап калганын айтып жаны кашайды.

“Алиби” гезити Бек Мамашевдин “Сөздөн өткөн “фшист” жок” деген макаласын тартуулады. Автор сөздү алыстан баштап, саясатчы айым Жылдыз Жолдошеванын шардыгын, чечкиндүүлүгүн, улут үчүн күйгөн кыздардын бири экенин белгилеп келип, 6-апрелдеги Таластагы милийса менен элдин кагылышын, генерал Коңгантиевдин ошол учурдагы ордун кеп кылып келип “фашист” деген сөздү чечмелеген.

Журналист макаласында: “Өз уулдарына каршы ок аткан бийликти фашисттерге салыштырса болбойбу?” деп суроо коюп, “2005-жылдын 24-мартында Бишкектеги аянтта генерал Абдыгул Чотбаевди да катуу сабашканын, бирок генерал Чотбаев аянтка Акаевди коргойм деп барбаганын мисалга тартып, эл тарабынан сабалган Коңгантиев менен Чотбаевдин айрымачылыгын салыштырды.

“2010-жылдын 7-апрелинде кыргыздын он гүлүнүн бир гүлү ачылалек жигиттерин өзүбүздүн эле кыргыздар атканын” далилге тартып: “айтор, азыр кимди фашист деп айтарыңды билбейсиң, уюшкан кылмыштуу топтун жүздөгөн мүчөлөрү жүрөт, буларды фашист деп атасак жарашабы? Жарашат. Мамлекеттин эсебинен жашаганына ыраазы болбой, мамлекеттин казынасын тоногондор бар, булар эмне фашист эмес бекен? Миңдеген адамдар акча эмес ачка күндөрүн санап олтурса, элдин эсебинен кутуруп жүргөндөр толтура. Булар эмне фашист эмес бекен? Булар керек болсо фашисттен да жаман.

Фашисттер мамлекетти талкалап, 20 жылдан бери ордунан тургузбай тоноп, жеп келе жатат. Мамлекеттин карзы 3 млрд. АКШ долларына жетип калды. Кана ким баш көтөрүп, мамлекет чыккынчыларын фашист деп атады? Каркыраны казактарга, Үзөңгү-Кууш менен Беделди кытайларга кыргыздын фашисттери бербегенде, кыргыздын карапайым эли берди беле, улуу урматтуу Жылдыз Жолдошева” депген сөз менен аяктады макаласын.

Бул санда журналист Папан Дүйшөнбаевдин “Ички интеграция күчөтүлмөйүн мамлекеттеги биримдик бекемделбейт” деген баяндамасы бар.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын президент Роза Отунбаеванын “Биз цензура өкүм сүргөн абалга жол бербейбиз” деген сөзү менен ачты.

Президент Роза Отунбаева Байкоочу кеңеш менен коомдук телерадиокорпорациянын жетекчилигинин аларга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан кысым көрсөтүү болуп жаткандыгы тууралуу маалыматка кабатырланганын билдрип: “Биз Коомдук телевидениени мурун авторитардык режимге кызмат кылып келген журналисттер эми депутаттарды тейлеш үчүн түзгөн эмеспиз. Телевидение мурдагыдай бийликти мактап-жактоо менен алпурушпай, элге иштеп бериши керек жана коомдук кызыкчылыкты коргошу зарыл” деп айтты” деп кабарлады.

“Кыргыз туусу” гезити андан ары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кезексиз 7-курулутайы тууралуу чагылдырып, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун “Өлкөдө туруктуу кырдаал орнобосо, калк турмушу оңолбойт” деп, сүйлөгөн сөзүн басты.

Төрага Ахматбек Келдибеков: “Кыйчалыш кыйын кезеңде Ассамблеянын калкка кайрылаар, калыс сөзүн айтаар жүйөсү бар болучу. Тилекке каршы Бакиев башында турган жекебасар бийлик өз элин аянтта аттырганда андай болгон жок.

Ассамблея кеңеши Ош менен Жалал-Абадда улуттук борборлордун айрым жетекчилеринен турган сеператисттик топтор менен саясый шылуундар улуттар аралык жаңжал ыгарганда өз позициясын айталган жок.

Дегиле күтүү позициясын кармануу жосуну жакшылыктын жышааны эмес. Чын-чынына келгенде Кыргызстан элинин ассамблеясы өлкө турмушунда улуттар аралык мамилелерди жөнгө салып, ынтымак менен ырашкерликти, бардык этностордун маданий өзгөчөлүктөрүн сактай турган бирден бир жарандык институт” деп белгиледи болуп өткөн курултайдагы сөзүндө.