НАТО Ливиядагы карапайым тургундардын өлүмүн моюнга алды

НАТО Триполиде карапайым адамдардын өлүмүнө алып келген аба соккусу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Альянстын билдирүүсүндө айтылгандай, болжолу менен техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, дүрмөттөрдүн бири бутага тийбей калган, бул - жайкын тургундар арасындагы жоготууларга алып келген болушу ыктымал. Ливиянын өкмөтү кечээ баш калаанын турак жайлар орун алган чөлкөмү бомбаланып, натыйжада 9 киши набыт кетти деп НАТОну айыптаган. Тышкы иштер министри Абдул-Ати ал-Обейдинин айтымында, каза болгондордун экөө жашы жетелек балдар болчу, 18 киши жараат алды.

Ливиянын саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаганына караганда, альянстын операциясы башталган март айынан бери 856 карапайым адам каза тапты. Бул санды көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо мүмкүн эмес.