Ооганстандын башкалаасында атышуу болду

Кабул шаарынын ар кайсы жерлеринде атышуу болгону гана кабарланып, азырынча так маалымат бериле элек. Жергиликтүү медиа азырынча белгисиз сандагы адамдар борбор шаарда бир катар атышууларды ишке ашырганын кабарлады. Ооганстандын «Толо» маалымат сыналгы каналы атышуулар узакка уланганын билдирди.

«Associated Press» президенттик сарайга чукул жерде жанкечтилер бомба жардырганын айтып чыкты.