Шашылыш билдирүү: Сел коркунучу уланууда

Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 19-21-июндарда Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектеринде нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26, Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 3…8 градус жылуу болоору күтүлүүдө.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус жылуу болот. (KKs)