Грек өкмөтүнүн башчысы Георге Папандреу буга чейинки Коргоо министри Эвангелос Венизелосту жаңы каржы министрлигине дайындады. Азыр Греция оор финансылык кризисти баштан кечирүүдө. Өкмөт бюджеттеги чыгымды кескин кыскартууну пландап жатат. Премьер-министр Папандреу жакынкы күндөрү өкмөткө ишеним көрсөтүү боюнча маселени парламентке коерун билдирген.