Сирияда бийликке нааразыларды камакка алуу уланууда

Сириянын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түндүк батышындагы Идлиб провинциясында жүздөгөн адамдарды камакка алганын жергиликтүү адам укугун коргоочулар билдиришти. Мустафа Усунун сөзүнчө, камакка алуулар Жиср аш-Шүгүр жана Маарет ан-Нуман шаарларында, ошондой эле коңшу кыштактарда жүргүзүлгөн.

Бир апта мурда Жиср аш-Шүгүрдө, өкмөттүн айткан куралдуу топтор 120 полициячы менен аскерди өлтүргөндөн кийин, танктардын коштоосунда атайын операция башталган.

Оппозициянын ырасташынча, качкын аскерлер жайында атып салынган.
Кабарларга караганда, армиянын чабуулунан корккон 8, 5 миңдей сириялык Түркияга качып өткөн.

Адам укугун коргоочулардын билдиришинче, мартта Сирияда толкундоолор башталгандан берки кагылышууларда 1300дөн ашуун жаран, ошондой эле 300дөн ашуун аскер жана полициячы курман болгон.