Жумгалдыктар Сандык алюминий кенин коргоп чыгышты

Жумгал районунун тургундары жана Бишкекте жашаган жумгалдыктар районго караштуу Сандык алюминий кенин ачтырбоо жана коргоо комитетин түздү. Комитеттен “Азаттыкка” билдиришкендей, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда, бул курулуштун акысына Кыргызстан тарап Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин жана Жумгал районундагы Сандык алюминий кенин иштетүүгө берет.

Темир жол курулушу 2,5 миллиард доллар, ал эми Жетим-Тоо кени 3 триллион, “Сандык” алюминий кен байлыгы 2 миллиард доллардан ашык. Жумгалдыктар бул долбоор Кыргызстандын эмес, Кытайдын кызыкчылыгын көздөөрүн айтып жатышат. Алар эгер Сандык кени ачылса, Борбор Азияда экологиялык кырсык болуп, Жумгал районунун тургундары толугу менен жер которууга аргасыз болоорун эскертүүдө.

Кыргызстандын жаратылыш ресурстары боюнча министри Замирбек Эсеналиев жумгалдыктардын мындай билдирүүсүн элди дүрбөлөңгө салып, саясий упай топтоо аракети катары баалады. Анын айтымында, бул кендер боюнча өкмөт эч кандай чечим чыгара элек. (AzK)