Айман аз-Завахири "ал-Кайиданын" ана башы

“Ал-Кайида” уюмуна байланыштуу интернет-сайттын маалымдашынча, египеттик Айман аз-Завахири террорчул уюмдун ана башы болуп калды. “Ал-Кайиданын” мурдагы лидери Усама бин Ладен май айынын башында Пакистандын байтакты Исламабаддан 60 чакырымдай алыстагы Абботабад шаарында америкалык атайын күчтөрдүн операциясы кезинде жок кылынган. Кесиби боюнча дарыгер, 60 жаштагы аз-Завахири уюмда бин Ладенден кийинки экинчи адам болчу.