Аба ырайы: Шашылыш билдирүү

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 15-16-июнда республиканын тоо этектеринде нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31 градус жылуу болот. Баткен облусунда түнкүсүн 15…20 , күндүз 28…33, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…5 градус суук, күндүз 7…12 градус жылуу.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 29…31 градус жылуу болот. (КЕ)