Йеменде ири толкундоолор өттү

Йемендин дээрлик бардык чоң шаарларында нааразылык акциясы өтүп, анда президент Али Абдулла Салехтин жакындарын сот жообуна тартуу талабы коюлду. Бул Салех июндун башында алган жараатын дарылоо үчүн Сауд Аравиясына кеткенден кийинки эң ири акция деп саналууда.

Салехтин ордунда азыр бийлик үчүн Йеменде анын туугандары жана жардамчылары күрөшүп жатышат. АКШнын Мамлекеттик департаменти басылбай жаткан толкундоолор "ал-Кайиданын" Йемендеги бөлүмү менен Жамаат аш-Шабааб самоли исламчылар алакасынын жанданышын шарттайт деп кооптонууда.