Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда былтыр июнь коогалаңында күйүп кеткен райондук архив менен салык кызматынын имараты салынып бүттү. Бүгүн расмий бет ачаары болот.
Имараттын экинчи кабатындагы 8 батир ижарага берилет. Имаратты куруу былтыр октябрда башталган жана ага 12 миллион сом сарпталды. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын маалымдашынча, келерки жумада Ошто үч көп кабаттуу үй колдонууга берилет.
Июнь коогасында 2 миңдей турак-жай жабыркаган болчу. (EBM)