Америкалык саясатчы айым президенттик шайлоого чыгаарын жарыялады

Мишел Бахман (Michele Bachmann). 13.6.2011.

Республикалык партиянын өкүлү, АКШ Конгрессине Миннесота штатынан келген Мишел Бахман (Michele Bachmann) 2012-жылкы президенттик шайлоого чыгаарын жарыялаган алгачкы саясатчы айым болуп калды. Ал бул тууралуу Республикалык партиядан президенттикке талапкер болууну көздөгөндөрдүн алгачкы ири сыналгы дебаты учурунда айтты.

АКШнын ашынган консервативдүү “Чай партиясы” кыймылы менен да байланышы бар Бахман айым өз жактоочуларынын көңүлүн президент Барак Обаманын саясатын утур-утур сындап жүргөнү менен бурган.

Буга чейин 2012-жылы экинчи мөөнөткө шайланууну көздөөрүн президент Барак Обама өзү да жарыялаган.