Йемендеги кыргыз жаранын чыгарууга аракет жасалууда

Орусиядагы кыргыз элчилиги Людмила Аль-Барот аттуу кыргызстандык жаранды 10 жаштагы уулу менен Йеменден чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтүүгө орус ТИМине нота жолдоду. Элчилик Орусиянын Аденедеги баш консулуна бул туралуу өтүнүчүн жолдогон.

13-июнда элчилик Йеменде кыргыз жараны бар экендигин жана ал тополоң болуп жаткан аймактын чыгуу өтүнүчү менен кайрылганын кабарлады.

Учурда элчилик орус консулу менен бул туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. (EK)