Белград улутчулары НАТОго каршы чыгышты

Сербияда НАТО уюштуруп жаткан эл аралык конференцияга каршы жекшембиде Белград улутчулдары эки акция өткөрүштү. Манифестацияга жүздөгөн киши катышты. Полициянын айтканын аткарбагандар кармалышты. 1999-жылкы Косово жаңжалында Серб территориясын бомбалады деп, калктын кыйла бөлүгү НАТОну жактырбайт.